Каймакжы Жер Ортолук деңиз биримдигинин 5-Аймактык форумунда сөз сүйлөдү

Каймакжы: «Түркия Европа-Жер Ортолук деңизи аймагынын чок ортосунда жайгашкан»

1535823
Каймакжы Жер Ортолук деңиз биримдигинин 5-Аймактык форумунда сөз сүйлөдү

Тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча башчысы элчиси Фарук Каймакжы, Түркиянын Европа-Жер Ортолук деңизи аймагынын чок ортосунда жайгашканын айтты.

Элчи Каймакжы Жер Ортолук деңиз биримдигинин 5-Аймактык форумунда сөз сүйлөдү.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын саламаттык сактоо кризисине караганда көбүрөөк коркунучтуу экендигин баса белгилеген Каймакжы, эгерде туура күрөшүү болбосо пандемиянын өтө зыяндуу социалдык, экономикалык, гуманитардык жана саясий кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин билдирди.

Каймакжы: «Пандемиянын кесепеттерин азайтуу жана калыбына келтирүү стратегияларын координациялап шайкеш келтирүү үчүн Европа-Жер Ортолук деңизиндеги бардык өнөктөштөрдүн тилектештиги учурда абдан маанилүү»,- деди.

Ксенофобия менен исламофобиянын тынчтыкта ​​жана толеранттуулукта чогуу жашоо мүмкүнчүлүктөрүн солгундатып жаткандыгын белгилеген Каймакжы, бул зыяндуу идеологияларга каршы күрөшүүнүн жолдорун таап туура саясатты иштеп чыгуу зарылдыгын билдирди.

Аймакта уланып жаткан чыр-чатактардын мыйзамсыз миграциянын себеби болуп кала бергенин эске салган Каймакжы, көйгөйдү чечүүдө адилеттүү жүк бөлүштүрүү жана жоопкерчиликти бөлүштүрүү негизги ролду ойной тургандыгын белгиледи.

Палестина маселесинин чечилишинин маанилүүлүгүнө көңүл бурган Каймакжы: «Жер Ортолук деңизинде тынчтыктын жана туруктуулуктун камсыздалышы Палестинадагы адилеттүү, туруктуу жана ар тараптуу чечимден көз каранды»,-деди.

Ошондой эле Түркиянын ЕБ жана Жер Ортолук деңиз биримдиги үчүн маанисине токтолгон Каймакжы: «Түркия Европа-Жер Ортолук деңизи аймагынын чок ортосунда жайгашкан. Түркия Жер Ортолук деңиз биримдигинин негиздөөчү мүчөсү жана Европа Биримдигине талапкер өлкөлөрдүн бири катары ЕБнин ишмердүүлүгүнө ошондой эле Жер Ортолук деңиз биримдигинин катчылыгына ар дайым өз салымын кошуп келген»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар