Тышкы иштер министри Чавушоглу Нигерде Мальдив жана чаддык кесиптештери менен жолугушту

Министр Чавушоглун аэропортто Нигер тышкы иштер министри Калла Анкурао тосуп алды.

1535445
Тышкы иштер министри Чавушоглу Нигерде Мальдив жана чаддык кесиптештери менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ислам Кызматташтык Уюмунун 47 -  тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барган Нигердин борбор шаары Ниамейде  Мальдив жана чаддык кесиптештери менен жолугушту.

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Чавушоглу Ислам Кызматташык Уюмунун 47 -  тышкы иштер министрлеринин кеңеш жыйынына катышуу үчүн жана эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Нигердин борбор шаары Ниамейге барды.

Министр Чавушоглун аэропортто Нигер тышкы иштер министри Калла Анкурао тосуп алды. Чавушоглу андан кийин жыйындын негизинде Чаддын тышкы иштер министри Амине Абба Сидик жана Мальдивдин тышкы иштер министри Абдуллах Шахид менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Твиттерден жыйын тууралуу маалымат берген Чавушоглу Чаддын тышкы иштер министри менен  сүйлөшүү өткөргөндүгүн белгилеп : «Ислам Кызматташтык Уюмунун жаңы башкы катчысынын тандоосун карап чыкты. Чаддык боордошторубузга билим берүү жана өнүрүү боюнча колдообузду улантабыз»,- деди.

Чавушоглу өзгөчө Мальдивдин тышкы иштер министри Шахид менен да сүйлөшүү өткөргөндүгүн  жарыялап : «Экономика, соода, айыл  - чарба жана бардык тармактарды өнүктүрөбүз. Түрк аба жолдорунун Мале шаарына баштаган каттамдары өлкөлөрүбүздүн ортосундагы туризмге маанилүү салым кошот»,- деди.



Тектеш кабарлар