Катардын Эмири Ал Санинин Анкара сапары тууралуу маалыматы

Катардын эмри Шейх Темим бин Хамад Ал Сани «ийгиликтүү» деп мүнөздөгөн Түркия сапарын аяктап өлкөсүнө кетти.

1535234
Катардын Эмири Ал Санинин Анкара сапары тууралуу маалыматы

Катардын Эмири  Шейх Тамим бин Хамад Ал Сани «ийгиликтүү» деп мүнөздөгөн Түркия сапарын аяктап өлкөсүнө кетти.

Эмир Ал Сани твиттерден берген маалыматта : «Боордошум Президент Р. Т. Эрдоган менен Анкарада Катар  - Түркия өнөктөштүгү тууралуу ийгиликтүү жолугушуу өткөрдүм»,- деди.

Катар  - Түркия элдеринин кызыкчылыгы үчүн дайыма өнүккөн бул өнөктөштүктү бекемдөө максатында эки өлкөнүн мүмкүнчүлдүктөрүн дагы көп колдонууга чечим чыгарышкандарын белгилеген Ал Сани  Президент Эрдоган менен кээ бир маселелер, эл аралык жана аймактык абалдар тууралуу пикир алышууларда болушкандарын белгиледи.

Эмирлик кеңешинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта да  Катардын Эмири Ал Санинин сапарын аяктап жатып «жылуу кабыл алганы» үчүн Эрдоганга ыракмат айтканы жана түрк калкы менен президентке өнүгүү жана бейпилдик тилиектерин билдиргендиги белгиленди.

Маалыматта : «Катар жана Түркия тарабы өткөргөн жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү боордоштук карым  - катнаштарын жана түрдүү тармактарда стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөнү улантуу тууралуу чечкиндүү экендерин тактады»,- деп билдирилди.

Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамад Ал Сани Түркия жана Катардын ортосунда түрдүү тармактарда өнүккөн эки тараптуу карым – катнаштардын негизинде өткөрүлгөн Түркия  -  Катар Жогорку Стратегиялык Комитеттин  6 -  жыйыны үчүн кечээ борбор шаар Анкарга келген.

Президент Р. Т. Эрдоган жана Катардын Эмири Ал Сани жетекчилик кылган жыйында эки өлкөнүн ортосунда 10 келишимге кол коюлду.



Тектеш кабарлар