TRT World Forum 2020 үчүн саналуу гана күндөр калды

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу онлайн режиминде өткөрүлө турган форумдун биринчи отурумунун башталышында Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) Башкаруу Кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрагим Эрен сөз сүйлөйт.

1534727
TRT World Forum 2020 үчүн саналуу гана күндөр калды

TRT World Forum 2020 ушул жылдын 1 жана 2-декабрында «Пандемиядан кийинки дүйнөдөгү эл аралык тартип жана өзгөрүү динамикасы» деген аталышта өтөт.

Коронавирустун жаңы түрүнүн (Ковид-19) эпидемиясына байланыштуу онлайн режиминде өткөрүлө турган форумдун биринчи отурумунун башталышында Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) Башкаруу Кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен сөз сүйлөйт.

Дүйнөнүн ар башка аймактарынан лидерлер, эксперттер, окумуштуулар Ковид-19 эпидемиясынын жайылышынан кийинки өзгөрүүгө баа беришет.

Программада 8 ачык отурум, 8 тегерек стол жыйыны жана 4 маектешүү бар.

Форумда «Пандемия мезгилиндеги берүүлөрдүн жана медианын ролу»,  Европа, Азия жана Африка телерадиоберүү бирликлеринин башчылары менен күн тартибине коюлат.

Ачык отурумдарда «Пандемия мезгилинде глобалдык саламаттык сактоо көйгөйлөрүн чечүүнүн жалпы жолдору», «Ишкерлик жана билим берүү секторунун келечеги», «Саякатсыз дүйнө», «Эпидемия мүмкүнчүлүкпү же туңгуюкпу» сыяктуу көптөгөн темалар талкууланат.

«Өзгөрүп жаткан дүйнө тартибинде Түркиянын тышкы саясаты», «Согуш жана пандемия: Сирия жана Йемендеги жашоо үчүн күрөш», «Азербайжан-Армения конфликтинин тагдыры» сыяктуу атайын темалар жабык сессияларда кадыр-барктуу эксперттер тарабынан талкууланат.

ТРТнын Дүйнөлүк форумуна АКШнын Мамлекеттик департаментинин саясатты пландаштыруу боюнча директору Питер Берковиц, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын төрагасы Ахим Штайнер, Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын жана хирургия профессору Мехмет Өз сыяктуу 40тан ашуун ысым катышат.

TRT World Forum 2020 каттоосу жана иш-чара жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн www.trtworldforum.com веб-сайтына кире аласыз.

 



Тектеш кабарлар