Алагчкы жергиликтүү вакцина колдонууга даяр
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа 2015 - жылдан бери жүргүзүлгөн эмгектердин алгачкы жыйынтыктарын бергендигин билдирди.
Эл аралык стандарттарда чыгарылган жергиликтүү вакцина колдонуу үчүн даяр.
Чоңдордо селейме - дифтерияга каршы вакцинасынын бардык өндүрүш процесстери толугу менен жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен аяктады.
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа берген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө жергиликтештирүү жана ата мекендештирүү саясатынын негизинде министрликтин колдоосу менен 2015 - жылдан бери жүргүзүлгөн эмгектердин алгачкы жыйынтыктарын бергендигин билдирди.
Эл аралык стандарттарда чыгарылган алгачкы жергиликтүү вакцианын пайдалданууга даяр экендигин белгилеген Кожа : «Министрлигибиз бекитип колдогон долбоор алгачкы продукциясын берди. Технология трансферин да камтыган вакцина эмгеги ийгиликтүү аяктады. Чоңдордо селейме - дифтерия вакцинасынын бардык өндүрүү процесстери толугу менен жергиликтүү мүмкүнчүлүктөр менен аяктады»,- деди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.