Түркиядан ЕБ,Италия жана Германияга нота тапшырылды

Борбор шаар Анкарадагы Европа Биримдиги (ЕБ) жана Италиянын элчилери менен Германиянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Тышкы иштер министрлигине чакыртылды.

1532964
Түркиядан ЕБ,Италия жана Германияга нота тапшырылды

Түркия, «Ирини» операциясынын алкагында түрк кемесине жасалган тинтүүгө каршы нааразычылыгын билдирди.

Борбор шаар Анкарадагы Европа Биримдиги (ЕБ) жана Италиянын элчилери менен Германиянын убактылуу ишенимдүү өкүлү Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, «Ирини» операциясында түрк кемесине  жасалган акцияга нааразычылык билдирилди.

Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө, «Биздин «ROSELINA-A» аттуу соода кемебизге «Ирини» операциясынын алкагында өлкөбүздүн ачык уруксаты болбостон кийлигишилиши жана тинтилишине нааразычылык билдирилип, тийиштүү өлкөлөргө нота тапшырылды. Биздин нотабызда окуя эл аралык мыйзамдарга каршы келгендиги жана биздин компенсация укугубуздун сакталып калгандыгы жазылган»,деген сөздөр камтылган.

Грек командири тарабынан көрсөтмөсү жана башкарылышы ишке ашырылган «Ирини» операциясында милдет алган  Немис фрегаты, Түркиядан Ливияга азык-түлүк жана боёк сыяктуу ар кандай буюмдарды ташыган кемени Чыгыш Жер Ортолук деңизде токтотуп  эл аралык мыйзамдарды бузуу менен бир нече саатка чейин тинтиген.



Тектеш кабарлар