Түркияда бир сутканын ичинде 162 миң 231 Ковид-19 тести жасалды
7 миң 381 кишиде вирус аныкталды.
1533618

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 161 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 12 миң 672 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 162 миң 231 тест жасалып, 7 миң 381 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 3 миң 678 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 381 миң 569га жогорулады.
Тектеш кабарлар

Түркия коронавирус менен күрөшүүнү улантууда
Түркияда акыркы 24 саатта коронавирустан 153 киши каза болду.