Түркия Эгей деңизиндеги алты арал үчүн Navtex жарыялады

Чыңалууну азайтуу боюнча диалог аракеттерине карабастан, Греция эл аралык мыйзамдарга жана келишимдерге каршы кадамдарын улантууда.

1533632
Түркия Эгей деңизиндеги алты арал үчүн Navtex жарыялады

Түркия, Эгей деңизиндеги алты арал үчүн Navtex (деңизчилерге эскертүү) жарыялады.

Чыңалууну азайтуу боюнча диалог аракеттерине карабастан, Греция эл аралык мыйзамдарга жана келишимдерге каршы кадамдарын улантууда.

Афина бийлиги Эгей деңизиндеги Сакыз (Хиос), Сисам (Самос), Семадирек (Самотракия), Лимни, Ахикерия жана Батноз аралдарына аскердик жүктөрдү ташып келген.

Түркия үч өзүнчө Navtex жарыялады.

Кемечилик, гидрография жана океанография департаменти жарыялаган билдирүүдө Ахикерия менен Батноз аралдарынын 1923-жылдагы Лозанна тынчтык келишими жана 1947-жылдагы Париж келишими менен аныкталган аскердик эмес статусу бузулгандыгы белгиленген.

Башка Navtex жарыясында, Самандирек (Самотракия) менен Лимнинин (Лимнос) 1923-жылы Лозанна тынчтык келишими менен белгиленген аскердик эмес статусу бузулгандыгы айтылган.

Ошондой эле, Измир станциясы жарыялаган акыркы Navtex жарыясында болсо 1923-жылы Лозанна тынчтык келишими менен аныкталган Сакыз (Хиос) менен Сисамдын (Самос) аскердик эмес статусу бузулгандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар