Түркиядан укуксуз «кеме тинтүүсүнө» каршылык көрсөтүлдү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой,Түрк кемесинин Жер Ортолук деңизинде мыйзамсыз тинтилүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, уруксатсыз жана күч колдонулуп жасалган бул иш-аракетке нааразычылык билдирди.

1532844
Түркиядан укуксуз «кеме тинтүүсүнө» каршылык көрсөтүлдү

Түркиянын укуксуз «кеме тинтүүсүнө» каршылык көрсөтүүсү...

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түрк кемесинин Жер Ортолук деңизинде мыйзамсыз тинтилүүсүнө байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, уруксатсыз жана күч колдонулуп жасалган бул иш-аракетке нааразычылык билдирди.

Аксой төмөнкүлөрдү белгиледи: «Курал-жарак эмбаргосун бузбаганы көрүнүп турган кемебиздин каттамынан аба-ырайынын катаал шарттарына карабастан бир нече саат бою кармалгандыгына, ошондой эле инспекция учурунда кызматкерлерге кылмышкер сыяктуу мамиле кылгандыгына биз өкүнөбүз. Уруксатсыз жана күч колдонулуп жасалган бул операцияны айыптайбыз. Мындан келип чыга турган ар түрдүү зыяндар боюнча тийтиштүү киши жана юридикалык жактардан компенсация алуу укугу табигый түрдө сакталат. Эл аралык сууларда соода кемелерине кийлигишүү үчүн желек илинген мамлекеттин макулдугу алынышы шарт. Бириккен Улуттар Уюмунун Ливияга курал эмбаргосу боюнча Коопсуздук Кеңешинин чечимдери бул милдеттенмени жокко чыгарбайт».

Түркиянын желеги илинген  «ROSELINA-A» кемеси гуманитардык жардам материалдары менен Стамбулдан якорун тартып Ливияга жөнөп кеткен.

Кеме кечээ түнү Грек деңиз флотунун командачылыгынын бир командиринин  көрсөтмөсү жана башкаруусунда жасалган  Ирини операциясында милдет алган Германиянын фрегаты тарабынан Мора жарым аралынын түштүк батышында эл аралык мыйзамдарды бузуу менен токтотулган.

Кеменин ылдамдыгын төмөндөтүп жана жолду бөгөп койгон аскерлер, Түркиядан уруксат албастан жасалгандардын  укукка жатпагандыгы жөнүндө эскертүүгө карабастан бардык контейнерлерди ачып тинтип чыкты.

Капитандын ташылган жүктүн түрү жөнүндө кагаздарга карабастан, бүдөмүк шек саноо боюнча башталган жана түн ортосу оогонго дейре уланган бул кийлигишүү, жалгыз Түркиянын туруктуу каршы чыгуусу менен токтотулду. Куралчан аскерлер таң аткычакты соода кемесинде күтүп, эртең менен кемени таштап кетишкен.



Тектеш кабарлар