Эржиес университетинде өнүктүрүлгөн Ковид-19 вакцинасы 44 кишиге эмделди
Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа, атамекендик вакцина иштери тууралуу маалымат берди.

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 153 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 12 миң 511 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 161 миң 125 тест жасалып, 6 миң 713 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 3 миң 254 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 377 миң 891ге жогорулады.
Бир тараптан Ковид-19га каршы атамекендик вакцина иштери тууралуу маалымат берген саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа: "Түркиянын Саламаттык сактоо институттары башкармалыгынын колдоосу менен Эржиес университетинде өнүктүрүлгөн Ковид-19 вакциянасынын Фаза-1 иштеринде 44 ыктыярдуу эмделди. Ушул убакка дейре олуттуу кошумча таасири көрүнгөн жок. Экинчи дозасын эмдөөлөр 26-ноябрдан 14-декабрга чейин уланат. Жакшы маалыматтарын бере турган 15 вакцина талапкери да бар",-деп айтты.
Тектеш кабарлар

Адилет министри Гүл Европа Кеңешинин делегациясын кабыл алды
Делегация сот кызматтарында жүргүзүлүп жаткан реформа аракеттери оң маанайды жаратканын билдирди.

Түркия Малидеги террордук кол салуулдарды айыптады
Тышкы иштер министрлиги тарабынан жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.