Хами Аксой Түркиянын сүйлөшүүлөр боюнча чакырыгына Грециянын оң жооп бериши керектигин айтты
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Грециянын Тышкы иштер министрлигинин Түркиянын Жер Ортолук деңизиндеги сейсмикалык изилдөө иш-аракеттерине байланыштуу кечээ дагы бир билдирүү жарыялаганын айтты.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, Түркиянын ар бир Navtex жарыялоосуна Грециянын жооп берүүнүн ордуна, сүйлөшүүлөр боюнча чакырыкка оң жооп бериши керектигин айтты.
Тышкы иштер минитсрлигинин басма сөз катчысы Аксой, Грециянын Тышкы иштер министрлигинин Түркиянын Жер Ортолук деңизиндеги сейсмикалык изилдөө иш-аракеттерине байланыштуу кечээ дагы бир билдирүү жарыялап, «Оруч Реис» кемесинин Түркиянын континенттик шельфинде аткарып жаткан сейсмикалык изилдөө иш-аркеттери тууралуу белгилүү дооматтар жана каршы чыгуулар кайталанганын белгиледи.
Бул дооматтарга жана каршылыктарга Түркиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан июль айынан бери жасалган 6 билдирүү менен жооп берилгенин белгилеген Аксой, «Түркия, Чыгыш Жер Ортолук деңизинде өзүнүн жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын укуктарын чечкиндүү коргоону уланта берет. Греция Түркиянын ар бир Navtex жарыялоосуна жооп берүүнүн ордуна, сүйлөшүүлөр боюнча чакырыкка оң жооп бериши керек»,-деди.
Тектеш кабарлар
Акыркы бир жумада 54 террорист жок кылынды
Президент Режеп Таййип Эрдогандын Иракка сапары да террор менен күрөшүүдө кызматташтыкты ылдамдатты.