Президент Р. Т. Эрдоган партиясынын облустук конгресстерине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын достору жана союздаштары менен дагы күчтүү кызматташуу түзүүнү каалагандыгын айтты.

1531841
Президент Р. Т. Эрдоган партиясынын облустук конгресстерине катышты

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын достору жана союздаштары менен дагы күчтүү кызматташуу түзүүнү каалагандыгын айтты.

Эрдоган лидери болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын Күтахия, Афьонкарахисар, Батман жана Сиирт кезектеги 7 - облустук конресстерине видеоконференция аркылуу катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө максаттарынын ичкериде да тышта да бирөө менен чатакташуу эмес экендигин баса белгилеп  : «Союздаштарыбыз менен дагы күчтүү кызматташуу түзүүнү каалайбыз. Европа Биримдигинин бизге бөлүүчүлүк кылбашын, өлкөбүзгө карата душмандыктарга курал болбошун талап кылабыз. Өзүбүздү башка жерлерде эмес Европада көрөбүз. Келечегибизди Европа менен бирдикте курууну элестетебиз»,- деди.

Түркиянын АКШ менен узун жана жакын союздаштык карым  - катнаштарды активдүү түрдө колдонуу каалагандарын айткан президент : «Россия жана Иран сыяктуу тектүү тарыхыбыз болгон өлкөлөрдү унутпайбыз. Ислам ааламы жана түрк дүйнөсү менен терең карым  - катнаштарыбыз бар. Эч кимдин бул фотографиянын ичинде Түркияны жалган  аргументтер менен коркутууга акысы жок»,- деди.

Түркиянын эч бир өлкө жана мекеме менен саясат менен дипломатия менен диалог менен чечиле албаган маселесинин жок экендигин белгилеген Эрдоган : «Эч бир өлкө жана мекеменин Түркия душмандыгын максаттарына айландырган лоббилердин жана террордук уюмдардын колунда оюнчакка айланууну кабыл албай тургандыгына ишенебиз»,- деп билдирди.

Президент жаңы тип коронавирус менен күрөшүүгө да токтолуп, бейтаптардын саны көбөйүшүнөн улам  жаңы чараларды колдонууга мажбур болушкандарын айтып : «Бул жаңы толкун кетери менен жарык бир келечек болот.  Мыйзамдуу бир инфраструктурабызды  өнүктүрүү, экономикабыз отурган пайдубалдарды күчтөндүрүү менен өндүрүштү жана жумуш менен камсыз кылууну арттырып, эпидемиядан кийин кайрадан түзүлө турган дүйнөдө  өзүбүзгө мыкты бир орунга ээ болууда чечкиндүүбүз»,- деди.



Тектеш кабарлар