Президент Эрдоган: «Түрк вакцинасын бүтүндөй адамзатка тартуулайбыз»

Эрдоган G-20 лидерлеринин саммитине Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш аркылуу катышты.

1531870
Президент Эрдоган: «Түрк вакцинасын бүтүндөй адамзатка тартуулайбыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркия тарабынан коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыга турган вакцинанын бардык адамдарга тартуулана турганын айтты.

Эрдоган Сауд Арабиянын падышасы Салман бин Абдулазиздин төрагалыгы астында уюштурулган G-20 лидерлеринин саммитине Стамбулдагы Вахдеттин сарайынан түз байланыш аркылуу катышты.

Президент Эрдоган, Ковид-19 пандемиясы мезгилинде тилектештик жана жардамдашуу темасында өнүккөн өлкөлөр баш болуп дүйнөнүн сыноодон жакшы өтө албаганын билдирди.

Эрдоган: «Түркиянын өзү чыгара турган вакцинаны буюрса бүтүндөй адамзатка тартуулайбыз. G20 платформасы вакцинага арзан баада жана адилеттүү жетүүнү камсыз кыла турган механизмдерди даярдашы керек жана ишке ашыруусу зарыл»,- деди.

Эрдоган өз сөзүндө, Түркиянын Дүйнөлүк Соода Уюмунун негизги принциптеринин алкагында адилеттүү глобалдык экономикалык өсүүнү жана бакубаттыкты жактаганын айтты.

Президент Эрдоган: «Биз бүгүнкү күнгө чейин Чоң жыйырмага мүчө 15 өлкөгө грант берүү менен бирге өлкөбүздөн сатып алуу жана экспорттоо уруксаттарын да камсыздап келебиз»,- деп айтты.



Тектеш кабарлар