«Оруч Рейс» кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кызмат мөөнөтү узартылды

Буга чейин Оруч Рейстин аймакта 23-ноябрга чейин иштей тургандыгы жарыяланган эле.

1531768
«Оруч Рейс» кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кызмат мөөнөтү узартылды

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин Чыгыш Жер Ортолук деңизинде иштей турган аянт үчүн 29-ноябрга чейин созула турган жаңы Navtex (деңизчилерге жарыя) жарыяланды.

Жарыяга караганда, «Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемесинин мөөнөтү 29-ноябрга чейин узартылган Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги иштерине «Атаман» жана «Женгизхан» аттуу кемелер коштоп жүрүүнү улантышат.

Буга чейин Оруч Рейстин аймакта 23-ноябрга чейин иштей тургандыгы жарыяланган эле.

«Оруч Рейс» сейсмикалык изилдөө кемеси континенттик шельф жана жаратылыш ресурстарын издөө менен бирге ар түрдүү геологиялык, геофизикалык, гидрографиялык жана океанографиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жөндөмдүү.

Толук жабдылган жана көп максаттуу дүйнөдөгү сейрек кездешүүчү изилдөө кемелеринин бири болгон бул кеме 2 жана 3 өлчөмдүү сейсмикалык, гравитациялык жана магниттик түрдө геофизикалык изилдөөлөрдү жүргүзө алат. Ошондой эле кеме тереңдиги 8 миң метрге чейин 3 өлчөмдүү, 15 миң метр тереңдикке чейин 2 өлчөмдүү сейсмикалык операцияларды жүргүзүүдө.



Тектеш кабарлар