Түркия жаңы өсүү мезгилин баштоого чечкиндүү

Президент Эрдоган Стамбулдагы жарманкеде билдирүү жасады.

1531327
Түркия жаңы өсүү мезгилин баштоого чечкиндүү

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияны экономикада жана демократияда жаңы өсүү мезгилине киргизүүгө чечкиндүү экендиктерин билдирди.

Стамбулда TÜYAP жарманке жана конгресс борборунда 18- MÜSİAD EXPO жарманкесинде сөз сүйлөгөн Эрдоган, өлкө катары улуттун ден-соолугун коргоого, ошондой эле өндүрүш менен жумуш күчүнүн үзгүлтүксүз улантылышын камсыздоого аракет кылып жаткандарын айтты.

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөшүү үчүн бардык чараларды көрүп жаткандарын жана илимпоздордун сунуштарына ылайык керектүү кадамдарды таштагандарын белгилеген Эрдоган: «Биз шарттарды эң туура пайдалануу менен бул процессти мүмкүнчүлүккө айландырууга чечкиндүүбүз. Пандемиянын экинчи толкуну бүткүл дүйнөнү каптап турган мезгилде дагы аларга салыштырмалуу бизде жакшы көрүнүштөр бар»,-деди.

Түркияны экономикада жана демократияда жаңы өсүү мезгилине киргизүүгө чечкиндүү экендиктерин баса белгилеген президент: «Түркияны пайыз-инфляция-курс чырмоогунан чыгарышыбыз керек. Пайыз- себеп, инфляция- натыйжа болуп саналат. Биз экономикалык саясатты чыңдап, демократиябыз менен эркиндигибиздин деңгээлин көтөрүп, улутубуздун күнүмдүк жашоосун жеңилдете турган даярдыктарды көрүп жатабыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар