Хулуси Акардан Ливия тууралуу билдирүү

Хулуси Акар Түркиянын ырааттуу, тынчтыкчыл Ливиянын курулушунда Ливия калкынын жана Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн жанында болууда чечкиндүү экендигин айтты.

1531304
Хулуси Акардан Ливия тууралуу билдирүү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Түркиянын ырааттуу, тынчтыкчыл Ливиянын курулушунда Ливия калкынын жана Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн жанында болууда чечкиндүү экендигин айтты.

Акар Саясий, экономикалык жана социалдык изилдөө фонду тарабынан уюштурулган БУУнун Ливия миссиясы жана БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү Стефани Уильямс менен Ливия коргоо министри Селахаддин Намруш да катышкан темасы Ливия болгон эл аралык конференцияда сөз сүйлөдү.

Видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн иш чарада сүйлөгөн сөзүн Түркия менен Ливиянын 500 жылдык орток мабанияты жана орток тарыхынын бар экендигин баса белгилөө менен баштаган Акар : «Максатыбыз ливиялыктар тарабынан башкарылган, жеринин бүтүндүгү жана улуттук биримдикти бузбастан бардык ливиялыктарды кучактаган көз карандысыз жана эгемендүү бир Ливия. Ливиянын БУУ тарабынан таанылган мыйзамдуу өкмөтү Улуттук ынтымактык өкмөтүн колдойбуз»,- деди.

Хафтер күчтөрүнүн Триполиге карата кол салууларын күчтөндүргөндөн кийин Улуттук ынтымактык өкмөтүнүн АКШ, Британия, Италия, Алжир, Түркия жана НАТОго кат жибергендигин, буга бир гана  Түркиянын жооп бергендигин эске салган Акар : «Бул мамлекетке жана эки тараптуу келишимибизге байланыштуу Ливиядагы мыйзамдуу өкмөт күчтөрүн машыктыруу, кызматташуу жана кеңешүү тууралуу колдоо берүүдөбүз»,- деди.

Хулуси Акар Түркиянын колдоосу оюндун эрежелерин өзгөрткөндүгүн, Триполинин айланасында адамзаттык бир трагедиянын жолунун тосулгандыгы жана аянтта бир тең салмактуулуктун түзүлүшүнө жардамчы болгондугун баса белгиледи.

Акар Ливияда тынчтык жана ырааттуулуктун түзүлүшү үчүн Хафтерга берилген бардык өлкө тышы жардамдардын эртерээк токтотулушу шарт экендигин белгилеп : «Хафтер күчтөрү жана чет элдик жалданма аскерлер коопсуздук, ырааттуулук жана дипломатиялык аракеттер үчүн чоң бир коркунуч туудурууда»,- деди.



Тектеш кабарлар