Министр Сойлу өлкө ичиндеги террорист санын айтты

Министр Сойлу, борбор шаар Анкарада Жандармериянын Жалпы командирлигинин пилот жана техникумунун негизги курстарын бүтүрүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризмге каршы күрөштүн акыркы көрсөткүчтөрүн бөлүштү.

1530857
Министр Сойлу өлкө ичиндеги террорист санын айтты

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, өлкөдөгү террорчулардын саны 340тан төмөн түшкөнүн билдирди.

Сойлу, борбор шаар Анкарада Жандармериянын Жалпы командирлигинин пилот жана техникумунун негизги курстарын бүтүрүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө терроризмге каршы күрөштүн акыркы көрсөткүчтөрүн бөлүштү.

Өлкөдөгү террористтердин санынын 340тан төмөн түшкөнүн айткан Сойлу акыркы 4 жылда 824 террористтин ишендирүү жолу менен багынып бергенин жана бул сан стихиялуу түрдө багынып бергендер менен бирге 1842ге жеткенин айтты.

Сойлу, жикчил террордук уюм ПККга катышуу өткөн жылы 5000ден 130га, быйыл 52ге түшкөнүн белгиледи.

«ПККнын өлкөдөгү дептери кийинки жылы ушул даталарга жеткенде жабык болот. Бул менин ишенимим»,- деди ал.



Тектеш кабарлар