Түркия Улуттук Парлментинин спикери Ковид - 19 вакцинасын чыгарган Шахин жана Түрежини куттуктады

Шентоп соцтармактан берген маалыматында түрк окумуштуулар Шахин жана Түрежи менен сүйлөшкөндүгүн билдирди.

1530000
Түркия Улуттук Парлментинин спикери Ковид  - 19  вакцинасын чыгарган Шахин жана Түрежини куттуктады

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп Ковид  - 19га каршы вакцина чыгарган немис биотехнология фирмасы BioNTechтин куруучуларынан профессор доктор Угур Шахин жана жубайы Өзлем Түрежини куттуктады.

Шентоп соцтармактан берген маалыматында түрк окумуштуулар Шахин жана Түрежи менен сүйлөшкөндүгүн билдирди.

Мустафа Шентоп : «Ковид  - 19  вакцинасын  чыгарган окумуштуулар профессор доктор Угур Шахин жана доктор Өзлем Түрежи менен сүйлөшүп куттуктадым. Эки жараныбыздын бул ийгилиги Түркияга болгон берилгендиги жана кызматы баарыбыз үчүн сыймыктандыруучу. Дагы бир жолу куттуктайм, ийгилик каалайм»,- деди.



Тектеш кабарлар