Коронавирус: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 116 киши көз жумду.

1530142
Коронавирус: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 116 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 11 миң 820 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 158 миң 811 тест жасалып, 4 миң 215 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 2 миң 592 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 361 миң 655ке жогорулады.



Тектеш кабарлар