Коронавирус: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 93 киши көз жумду.

1527517
Коронавирус: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 93 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 11 миң 316 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 149 миң 942 тест жасалып, 3 миң 45 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 2 миң 10 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 348 миң 804кө жогорулады.



Тектеш кабарлар