Песков: «Путин Эрдогандын конструктивдүү мамилесин жогору баалайт»

Журналисттерге маалымат берген Песков, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабах боюнча пикир келишпестиктер түрк тарап менен диалог жолу менен чечиле турганын кеп кылды.

1526645
Песков: «Путин Эрдогандын конструктивдүү мамилесин жогору баалайт»

Россиянын президентинин (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков, Россиянын президенти Владимир Путиндин президент Режеп Таййип Эрдогандын Тоолуу Карабахка карата конструктивдүү мамилесин жогору баалай тургандыгын айтты.

Журналисттерге маалымат берген Песков, Азербайжан менен Армениянын ортосундагы Тоолуу Карабах боюнча пикир келишпестиктер түрк тарап менен диалог жолу менен чечиле турганын кеп кылды.

Россия менен Түркиянын ортосундагы диалогдун көптөгөн аймактык маселелердин натыйжалуу чечилишине таасир бергенин белгилеген Песков: «Биз бул өз ара аракеттенүүнү, өз ара ишенимди жана кызматташууну баалайбыз»,- деди.

Песков: «Билесизби, биздин президент Путин дагы түрк кесиптеши, президент Эрдогандын конструктивдүү мамилесин жогору баалайт. Лидерлердин ортосунда өтө тыгыз  жана бекем диалог бар, бирок, албетте, мындай татаал маселелерге болгон мамилелерде нюанстар жана келишпестиктер болот. Аларды дагы түрк өнөктөштөрүбүз менен болгон диалог учурунда чечебиз»,-деди.



Тектеш кабарлар