Түркия-Орусия меморандумуна кол коюлду

Президент Эрдоган, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (Парламент) фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

1526022
Түркия-Орусия меморандумуна кол коюлду

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Тоолуу Карабахта Азербайжан менен Армениянын ортосундагы ок атышпоо келишимин көзөмөлдөө жана текшерүү үчүн Түркия-Орусия борборуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлгандыгын билдирди.

Президент Эрдоган, өзү жетектеген Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы (Парламент) фракция жыйынында сөз сүйлөдү.

(Кечээ күчүнө кирген) ок атышпоо режимин көзөмөлдөө жана текшерүү үчүн түзүлгөн Түркия-Орусия биргелешкен борбору жөнүндө Эрдоган: «Ок атышпоо келишимин көзөмөлдөө жана текшерүү үчүн курула турган Түркия-Орусия биргелешкен борборуна байланыштуу өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү меморандумга бүгүн эртең менен кол коюлду. Бул борбор Азербайжандын оккупациядан бошотулган аймактарында курулат. Тоолуу Карабахтагы ок атышпоо режиминин бузулушун алдын алуу үчүн бардык чаралар ушул борбор тарабынан көрүлөт. Ушундайча Азербайжан жерлериндеги жана Карабахтагы 28 жылдык баскынчылык расмий түрдө жана иш жүзүндө аяктап жатат. Карабах кайрадан эмандын (исламдын) мекенине айланып, айдын көлөкөсүндө өзүнүн тынч ордун ээлөөдө»,-деди.

Эрдоган: «Карабахта кандайча кыска убакыттын ичинде адилеттүү тынчтык орногон болсо, чын ыкластуу кызматташтык менен Сирияда дагы ушундай кадам ташталышы мүмкүн деп ишенебиз» деген Эрдоган: «Биздин аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн жүрүшүндө биз эки бир тууган катары өлкөлөрүбүздү биргеликте көтөрөбүз, алдыга койгон максаттарга чогуу жетишебиз. Мындан ары биз Азербайжан менен бир топ жакыныраак болобуз жана күчтүү кызматташтык ичинде ​​жалпы келечегибизди биргелешип курабыз. Акыркы кагылышуулар бою калктуу конуштарды бутага алган жана көптөгөн күнөөсүз адамдардын өлүмүнө себеп болгон Армениядан айырмаланып, мындан ары бир дагы жайкын тургундун жабыркашына жол берилбейт», деп айтты.



Тектеш кабарлар