Антальяга 450 миң украиналык турист келди

Анталиянын губернатору Эрсин Языжы Украинанын Антальядагы консулу Эмир Рустамовду иш бөлмөсүндө кабыл алды.

1525547
Антальяга 450 миң украиналык турист келди

Коронавирус (Ковид-19) пандемиясына карабастан Антальяга 450 миңге жакын украиналык турист келди.

Анталиянын губернатору Эрсин Языжы Украинанын Антальядагы консулу Эмир Рустамовду иш бөлмөсүндө кабыл алды.

Украиналык туристтердин Антальяга болгон кызыгуусун билдирген губернатор Языжы, Түркия менен Украинанын эки дос өлкө экендигин айтты.

Антальяга келген украиналык туристтердин санынын барган сайын көбөйгөндүгүн белгилеген Языжы: «Пандемия мезгилине карабастан 450 миңге жакын украиналык турист Антальяга келди. Пандемия мезгилинен кийин дагы дүйнө шаары Антальяда конокторубузду коноктой беребиз деп ишенем»,- деди.

Рустамов да Украина менен Түркиянын ортосундагы мамилелердин тарыхындагы эң жакшы мезгилинде экенин белгиледи.

Украиналыктардын Түркияны жакшы көргөндөрүн айткан Рустамов: «Түркия биздин досубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Анталья абдан сонун шаар. Пандемиядан кийин ачылган учуулар менен украиналык туристтердин биринчи тандоосу Анталья болду. Анткени жарандарыбыз да бул жерде пандемияга каршы бардык чаралардын көрүлгөнүн көрүштү», деди.



Тектеш кабарлар