Тышкы иштер министри Карабахтагы келишим тууралуу билдирди
Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен борбор шаар Анкарада биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Азербайжан жана Армениянын Тоолуу Карабахта Россиянын арачылыгы менен кагылышууларды токтотуу боюнча келишим түзгөнүнө байланыштуу : «Эми мунун көзөмөлдөө маселеси бар. Бул тууралуу да сүйлөшүүлөрүбүз улантылууда»,- деди.
Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен борбор шаар Анкарада биргелешкен пресс - жыйын өткөрдү.
Мевлүт Чавушоглу сөзүндө Түркиянын Азербайжандын жанында болууну улантарын белгилеп : «Бул Азербайжан үчүн чоң бир ийгилик, жеңиш. 30 жылдан бери басып алынган жерлерин кайра алууда»,- деди.
Министр Чавушоглу өзгөчө Кыргыстанда шайлоодон кийин болгон окуяларга да токтолуп : «Шайлоодон кийинки окуяларда биринчилерден болуп ФЕТӨчулар алдыга чыкты. Эл муну көрдү жана аянттан ФЕТӨчуларды чыгарды»,- деди.
Чавушоглу АКШ жетекчилеринин да ФЕТӨ коркунучун байкай баштагандарын белгилеп : «Бул чындыкты көрүүлөрүнөн улам кубанычтабыз»,- деди.