Түркиянын Вашингтон элчиси Лос Анжелесте болгон кол салууну айыптады

Түркиянын Вашингтон элчиси Сердар Кылыч АКШнын Лос Анжелес  шаарынын Беверли Хиллз аймагында бир түрк ээси болгон ишканага ашыкча армян жактоочусу топтордун жасаган кол салуусун катуу айыптады.

1522992
Түркиянын Вашингтон элчиси Лос Анжелесте болгон кол салууну айыптады

Түркиянын Вашингтон элчиси Сердар Кылыч АКШнын Лос Анжелес  шаарынын Беверли Хиллз аймагында бир түрк ээси болгон ишканага ашыкча армян жактоочусу топтордун жасаган кол салуусун катуу айыптады. Кылыч твиттерден берген маалыматында : «Беверли Хиллзде бир түрк америкалык ээси болгон ишканага ашыкча армян жактоочусу топтордун кол салуусун катуу жана жек көрүү менен айыптаймын. Федералдык жана жергиликтүү мекемелерди, АКШнын негизги элементтеринен болгон түрк  - америкалыктардын укугун коргоого жана кылмышкерлерди жазаландырууга чакырамын»,- деп билдирди.

Сердар Кылыч : «Түрк  - Америка коому да кол салууга учураган боордоштору менен моралдык тилектештик ичинде. Расисттик  жек көрүү кылмыш мүнөзүндөгү жана АКШнын конституциялык кепилдиги астындагы негизги баалуулуктарын тебелеп  - тепсеген  бул кол салуунун аткаруучулары табылып, жазаланышын күтүп жатат»,- деп билдирди.  

Бир тараптан Түркиянын Лос Анжелес башкы консулдугунун расмий твиттер эсебинен берилген маалыматта да : «Беверли Хиллздеги жараныбызга таандык "İstanbul Cafe"аттуу ресторанын кечээ кол салууга учурашынан улам барып көрдүк жана көңүл айттык»,- деп маалымдалды.

 



Тектеш кабарлар