Октябрь айында 120 террорист жок кылынды

Министрлик издөөдө жүргүзгөнн террористтер тизмесиндеги кызыл категориядагы "Өзгүр" деген каймана аттуу ТКП террористи Али Кемал Йылдыз жок кылынды.

1523068
Октябрь айында 120 террорист жок кылынды

Октябрь айында террордук уюмдарга каршы жүргүзүлгөн операцияларда 120 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинин координациясы менен жүргүзүлгөн ички коопсуздук операцияларынын алкагында октябрь айында айыл жергесинде 10230 операция жүргүзүлгөн анын 8зи ири,  43чү орто масштабдуу болгон, ал эми шаарларда 1539 операция болгон.

Министрлик издөөдө жүргүзгөнн террористтер тизмесиндеги кызыл категориядагы "Өзгүр" деген каймана аттуу ТКП террористи Али Кемал Йылдыз жок кылынды.

Ошондой эле кызыл категорияда изделген, «Аморо дарыгер» каймана аттуу Мүзеййен Айдынлы Диярбакырда жок кылынды. Жикчил террордук уюм ПККнын Аманостогу жооптуусу , көк категорияда изделип жаткан «Дишлер» каймана аттуу Хусейин Ажар Хатайда өлүү колго түшүрүлдү.

Кызгылт сары категорияда болсо «Асмин» каймана аттуу  TKP / ML террордук уюмунун мүчөсү Гөкче Курбан, ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү,  Жуди командасынын жооптуусу, «Ихсан Нури» каймана аттуу Мехмет Нури Хусидур жана кймана аты «Аазд Челе» аттуу  ПККнын мүчөсү террорист Муртеза Коркмаз жок кылынды.

Боз категорияда ПКК жикчил террордук уюмдун террористтери Мехмет Гүлтекин, Йолдаш Селим Челик, Исмаил Эрбай жана Ферди Фидан баш болгон 120 террорист жок кылынды.

Жок кылынган террористтерден 92си ПКК/КЖК, 24тү ДЕАШ жана 4сү солчул террордук уюмдардын мүчөлөрү.

Террордук уюмдарга жардам бергендиги жана уюмдар менен байланышы бар экендиги белгиленген 2 700 шектүү көзөмөлгө алынды жана 422си камалды.

Октябрь айында жүргүзүлгөн операцияларда 96 баш калкалоочу жер пайдаланылбай турган абалга келтирилди.

136 курал, 50 мина, 99 граната, 350 килогармм жарылуучу зат, 17 550  ок  - дары колго түшүрүлдү.

13 -  июлдан тарта башталган «Йылдырым» операциялары 12 башка аймакта 14 000 кызматкер менен жүргүзүлдү. Ушул күнгө чейин 97 террорист жок кылынып, жардам берген 51 киши кармалды жана 173 үңкүр  менен баш калкалоочу жер жардырылды.



Тектеш кабарлар