«Фатих» кемеси Түркали-1де бургулоо иштерин баштады

Бул туурасында министр Дөнмез Твиттердеги баракчасынан билдирди.

1522309
«Фатих» кемеси Түркали-1де бургулоо иштерин баштады

Энергетика жана табигый ресурстар министри Фатих Дөнмез, «Фатих» бургулоо кемесинин Түркали-1 кудугунда бургулоо иштерин баштаганын билдирди.

Министр Дөнмез Твиттердеги баракчасынан: «Кара деңиздин «Фатихи» бургусун айлантты. Даярдык иштеринен кийин Түркали-1 кудугунда бургулоо иштерин баштадык. Бургулоо ишибиз 75 күнгө созулат. Берекеттүү болсун»,-деди.

Түркиянын алгачкы атамекендик бургулоо кемеси «Фатих», 19-октябрда Кара деңизде жаратылыш газынын запасы табылгандан кийин техникалык тейлөө иштерин жүргүзүү үчүн Зонгулдактын Чайжума районундагы Филёс жээктерине барган эле.



Тектеш кабарлар