Измирдеги жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 112ге жетти

30-октябрда болгон 6,6 баллдык жер титирөөдөн кийин 1475 кайталанган термелүү катталды.

1520673
Измирдеги жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 112ге жетти

Измирдеги жер титирөөдөн каза болгон адамдардын саны 112ге жетти.

Ички иштер министрлигинин Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) билдирүүсүнө караганда, Измирдин жээгинде 30-октябрда болгон 6,6 баллдык жер титирөөдөн кийин 44нүн күчү 4 балдан ашкан жалпы 1475 кайталанган термелүү катталды.

Жер титирөөдөн 112 адам каза тапты. Жаракат алган 1026 адамдын 883ү ооруканадан үйүнө чыгарылды. 137 адам дагы деле болсо дарыланууда.

Измирде издөө-куткаруу иштери бир имаратта уланып жатат.



Тектеш кабарлар