Түркияда бир суткада 139 миң 103 тест жасалы

Акыркы 24 саатта вирустан 76 киши көз жумду.

1520467
Түркияда бир суткада 139 миң 103 тест жасалы

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 76 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 10 миң 402 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 139 миң 103 тест жасалып, 2 миң 302 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 521 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 327 миң 7ге жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар