Измирдеги жер титирөөдө 91 киши каза болду

АФАД жер титирөөдө 91 кишинин каза болгонун билдирди.

1519948
Измирдеги жер титирөөдө 91 киши каза болду

Измирдеги жер титирөөдө каза болгондордун саны 91ге жетти.

Апаат жана чукул абалды башкаруу башкармалыгы АФАД жер титирөөдө 91 кишинин каза болгонун, жараланган 994 кишиден 839 кишинин ооруканадан чыккандыгын,  155 кишинин  дарыланып жаткандыгын маалымдады. 

Измирде 5 имартта куткаруу иштери улантылууда. 

Жума күнү Түркия убактысы боюнча саат 14:51де Эгей деңизинде Измирдин Сеферихисар районунан 17 километр алыстыкта 6,6 баллдык жер титирөө болгон. Жер титирөөнүн 16,54 километр тереңдикте болгону белгиленген.



Тектеш кабарлар