Х. Акар : "Мамлекетибиз жана улутубуз бул апааттын жараларын ылдам айыктырат"

Хулуси Акар министрликтин медиа эсебинен  Измир жер титирөөсү тууралуу маалымат берди.

1519252
Х. Акар : "Мамлекетибиз жана улутубуз бул апааттын жараларын ылдам айыктырат"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар мамлекет жана улуттун биримдиги менен Измирдеги жер титирөө апаатынын жараларын ылдам айыктырарын белгиледи.

Хулуси Акар министрликтин медиа эсебинен  Измир жер титирөөсү тууралуу маалымат берди.

Министр Акар, Измирдеги жер титирөөдө каза болгон жарандарга Кудайдан ырайым жана жаракат алгандардын тезинен айыгып кетишин каалап : "Уранды астында калган жарандарыбыз аман-эсен куткарылат деп үмүттөнөбүз. Улуттук Коргоо министрлиги биздин мамлекеттин бардык мекемелери жана уюмдары сыяктуу Измирдеги мекендештерибиздин буйругунда. Мамлекетибиз жана улутубуз бул кырсыктын жараларын тез арада айыктырат. Эң оболу, жер титирөөдөн жабыркаган Измирдик жарандарыбызга көңүл айтабыз",- деди.  

Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу боюнча төрагалык AFAD кечээ Измирдин Сеферихисар районунда болгон 6,6 баллдык жер титирөөдө 25 киши каза болуп, 804 кишинин жаракат алганын жарыялаган.

 

 



Тектеш кабарлар