Түрк Кызылайы селден жабыркаган судандыктарга жардам берди

Түрк Кызылайы өткөн айда Судандагы суу ташкынынан жабыркаган үй - бүлөлөргө гуманитардык жардам берүүнү улантууда.

1518377
Түрк Кызылайы  селден жабыркаган судандыктарга  жардам берди

Түрк Кызылайы өткөн айда Судандагы суу ташкынынан жабыркаган үй - бүлөлөргө гуманитардык жардам берүүнү улантууда.

Түрк Кызылайы Судан Кызыл Жарым Айы менен биргеликте Хартумдун Халфая районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен суу ташкынында үйлөрү кулап, чатырларда жашап  жаткан үй-бүлөлөргө 300 азык - түлүк кутусун таратты.

Түрк Кызылайы Судан делегациясынын башчысы Сердар Йылмаз, суу ташкынынан жапа чеккендерге колдоо көрсөтүү максатында, алгачкы 2000 даана  азык-түлүк пакетинин 300зүн  Халфаядагы үй-бүлөлөргө жеткиргендерин жана жардамдарды таркатууну улантышарын  билдирди.

Судан Ички иштер министрлиги нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу ташкыны болгонун, суу ташкынында 138 адамдын каза болгонун жарыялады.

Селдин кесепетинен 100 000ден ашуун үй жарым-жартылай же толугу менен жараксыз абалга келип, 56 адам жаратылыш кырсыгынан жабыркаган.

Судан Коргоо жана Коопсуздук Кеңеши кырсыктан улам 5 - сентябрда 3 айлык мөөнөт менен чукул абал жарыялаган.



Тектеш кабарлар