Террор менен күрөш улантылып, Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө ПКК жикчил террордук уюмга каршы операциялардын чечкиндүүлүк менен улантылып жатканы белгиленди.

1518683
Террор менен күрөш улантылып, Ирактын түндүгүнө операция жүргүзүлдү

 Ирактын түндүгүндөгү Гара аймагында кол салуу үчүн даярданып жаткан ПКК жикчил террордук уюмдун мүчөсү  8 террорист жок кылынды.

Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө ПКК жикчил террордук уюмга каршы операциялардын чечкиндүүлүк менен улантылып жатканы белгиленди.

Билдирүүдө : "Ирактын түндүгүндө Гара аймагындагы чалгындоо жана байкоо аппараттары менен аныкталган жана кол салууга даярданып жаткандыгы белгиленген 8 ПКК террористи абадан жүргүзүлгөн операцияда жок  кылынды",- деп билдирилди.  

Министрликтен берилген башка бир маалыматта да тынчтык жана коопсуздук чөйрөсүн бузуу үчүн Сирияда "Евфрат калканы" аймагына кирүүгө аракет кылган 2 ПКК/ЙПГ террористти десанттар тарабынан жок кылынгандыгы белгиленди.

 



Тектеш кабарлар