Франция элчилигинин ишенимдүү өкүлү тышкы иштер министрлигине чакырылды

Франциянын Анкарадагы элчилигинин ишенимдүү өкүлү француз «Шарли Ебдо» журналындагы карикатуралар тууралуу тышкы иштер министрлигине чакырылып катуу айыпталды.

1517987

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматтарга караганда, Франциянын ишенимдүү өкүлүнө :  «Жеке укуктарга жана диний ишенимдерге карата бул кыянаттык менен кол салуунун басма сөз жана сөз эркиндигинин негизинде каралбай тургандыгы жана француз мекемелеринин ой эркиндиги чегинен чыккан бул кыймылдарга карата саясий жана укуктук чараларды көрүшү күтүлүүдө",-  деп билдирилди.

Бир тараптан Францияда кээ бир армян чөйрөлөрүнүн бир канча күндөн бери түрк жарандарын бутага алган зомбулук кыймылдарына көңүл бурулуп, акыркы мезгилде жарандарга жана мусулмандарга карата кол салуулар менен бөлүүчү мамилелер тууралуу француз мекемелеринин эң башта коопсуздук тармагында керектүү чараларды көрүү талабы ишенимдүү өкүлгө билдирилди.

Тектеш кабарлар