Анкарада жарандык коом уюмдары Францияга каршы чыгышты

Франциянын Анкарадагы элчилигинин алдында чогулган жарандык коом уюмдарынын мүчөлөрү Франциянын президенти еммануэль Макрон жана өлкөсүнө каршы ураандар менен жүрүштү.

1517839
Анкарада жарандык коом уюмдары Францияга каршы чыгышты

 

Борбор шаар Анкарада жолугушкан  жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү менен мүчөлөрү пайгамбар Азырети Мухаммедди жана мусулмандарды бутага алган мамилесинен улам Францияны айыптады.

Франциянын Анкарадагы элчилигинин алдында чогулган жарандык коом уюмдарынын мүчөлөрү Франциянын президенти Еммануэль Макрон жана өлкөсүнө каршы ураандар менен жүрүштү.

Такбир жана салават келтирген топ «Дүйнөнүн балээси макронавирус», «Фашизм Европанын өнөрү», «Сөзүбүз жана өмүрүбүз менен  Пайгамбарыбыздын жолундабыз» деп жазылган валюталар менен жүрүштү.

Андан кийин группанын атынан окулган билдирүүлөрдө : мусулмандардын бир гана Азырети Мухаммедке эле эмес, башка пайгамбарларга да жакындаган диндин мүчөсү экендиги белгиленди.

Азырети Мухаммед пайгамбарды сыйлабоо менен башталган үгүттөрдүн мусулмандардын баарын жана Президент Р. Т. Эрдоганды да бутага алгандыгы белгиленген билдирүүдө бул кастыктын кайтып эле келип ээлерин сөзсүз курчоого алары билдирилди.

Билдирүүдө  булар айтылды : «Биздин бир гана каалообуз динибизге, баалуулуктарыбызга, Пайгамбарыбызга, элибизге жана анын өкүлү президентибизге сый көрсөтүлүшү керектигин дагы бир жолу баса белгилейбиз. Биз ушул алкакта Европанын бардык өлкөлөрүн, айрыкча расизм жана исламофобия күч алган Францияны чын жүрөктөн эсептешүүгө чакырабыз. Исламды жана пайгамбарды жанынан артык көргөн мусулмандарк атары Францияны ачыкча жүргүзгөн провакациясы үчүн катуу айыптайбыз».  



Тектеш кабарлар