Түркия Улуу Улуттук Жыйыны Макронду айыптады

Макрондун Исламга каршы билдирүүлөрүнүн айыпталышына байланыштуу чечимди кабыл алынды.

1517133
Түркия Улуу Улуттук Жыйыны Макронду айыптады

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Жалпы Кеңеши, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Исламга каршы билдирүүлөрүнүн айыпталышына байланыштуу Парламент төрагалыгынын уруксат документин кабыл алды.

Макрондун Исламга карата мамилесине каршы баардыгын акыл-эстүүлүккө чакырган документте төмөнкүлөр жазылды:

«Түркия Улуу Улуттук Жыйынындагы саясий партиялардын өкүлдөрү катары, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Исламга, анын ыйык пайгамбары Мухаммедге жана мусулмандарга карай чагымчыл, адепсиз жана кооптуу сөздөрүн катуу айыптайбыз; дүйнөдөгү акыл-эстүү лидерлерди, саясатчыларды, ойчулдарды, чеберлерди жана коомдук катмарды ушул жаман көз караштарга каршы акыл-эстүү жана тынчтыкты жактаган мамиле кылууга чакырабыз».

Уруксат документинде «Үстүндө токтолушу керек болгон жагдай; демократия, адам укуктары, мыйзамдуулук жана плюрализм риторикасынын расизмге жана антиисламизмге айлануусуна түрткү болгон уулуу чөйрөнүн жалгыз мисалдар болуудан чыгып мамлекет башчылары жана кээ бир саясатчылар аркылуу мыйзамдуулукка жана кеңири жайылууга ээ болушу», деген эскертүү да берилди.



Тектеш кабарлар