Шентоп Эрдогандын чакырыгын колдоду

Шентоп Твиттердеги баракчасынан билдирүү жасады.

1516459
Шентоп Эрдогандын чакырыгын колдоду

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (Парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, президент Режеп Таййип Эрдогандын француз товарларына бойкот жарыялоо чакырыгын колдоду.

Шентоп Твиттердеги билдирүүсүндө: «Исламофобияга жана сүйүктүү Пайгамбарыбызды сыйлабастыкка жол берген Франциянын администрациясына каршы президентибиз Режеп Таййип Эрдоган тарабынан башталган француз товарларына каршы бойкоттун бүтүндөй ислам дүйнөсүнүн колдоосу менен да чечкиндүү түрдө жүзөгө ашырылышы керек»,-деди.



Тектеш кабарлар