Коронавирус: Түркияда соңку абал
Акыркы 24 саатта вирустан 76 киши көз жумду.
1516983
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 76 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 9 миң 950 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 127 миң 651 тест жасалып, 2 миң 209 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 511 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 317 миң 519га жогорулады.