Коронавирус; Түркияда бир сутканын ичинде 132 913 тест жасалды

Акыркы 24 саатта вирустан 75 киши көз жумду.

1516372
Коронавирус; Түркияда бир сутканын ичинде 132 913 тест жасалды

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 75 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 9 миң 874 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 132 миң 913 тест жасалып, 2 миң 198 кишиде вирус аныкталды.

Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 618 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 316 миң 8ге жогорулады.



Тектеш кабарлар