Эрдоган менен Эрсин Татар маалымат жыйын өткөрдү

Эрсин Татарды шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган президент Эрдоган, 15-ноябрда Түндүк Кипр Түрк Республикасына барарын билдирди.

1516633
Эрдоган менен Эрсин Татар маалымат жыйын өткөрдү

Президент Режеп Таййип Эрдоган түрк тараптын Кипрде адилеттүү жана туруктуу чечимди жактай тургандыгын билдирди.

Президент Эрдоган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын президенти болуп шайлангандан кийин биринчи расмий иш сапарын Түркияга жасаган президент Эрсин Татар менен жеке жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөдү.

Эрдоган: «Түркия Кипрде тез арада туруктуу чечүүчү жолдун табылышын жактайт» деди.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги учурдагы кырдаалга да токтолгон президент чыңалуунун себебинин 2003-жылдан бери эскертүүлөрдү укпаган жана конструктивдүү сунуштарды этибарга албаган Греция менен Кипрдин Рум бөлүгү экенин айтты. Эрдоган мындай деп улантты:

«Рум тарап Кипр түрк элин тең укуктуу өнөктөш катары көрбөгөндүктөн, алар көмүр суутектеринен түшкөн кирешени бөлүштүрүү үчүн кызматташуу чакырыктарын жоопсуз калтырышты. Рум тарап өз бийлиги астында азчылык катары көргүсү келген кипрдик түрктөрдүн бирдей укуктарын узурпациялоону улантууда»,-деди.

Эрсин Татарды шайлоодогу жеңиши менен куттуктаган президент Эрдоган, шайлоолордун Кипр түрк калкынын демократиялык маданиятын ачып берген ачык-айкындуулук жана саясий жетилгендик чөйрөсүндө өткөндүгүн белгилеп, 15-ноябрда Түндүк Кипр Түрк Республикасына барарын билдирди.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Татар болсо: «Биз эч кимдин укуктарына көз артпайбыз, бирок өз элибиздин, улутубуздун укуктарынын жана мыйзамдарынын бузулушун эч качан кабыл албайбыз» деп айтты.



Тектеш кабарлар