ТКТРнын президенти Эрсин Татар Түркияда...

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен келген.

1516309
ТКТРнын президенти Эрсин Татар Түркияда...

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Президенти Эрсин Татар, президенттик кызматтын баштаган соң алгачкы сапарын Түркияга жасады.

Татар, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын чакыруусу менен келген борбор шаар Анкарадагы жолугушууларын Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн түбөлүк жайы Аныткабырга зыярат кылып баштады.

Татар өзүн коштогон делегация менен бирге Арстандуу жолдон Ататүрктүн күмбөзүнө чейин жөө басышты.

Мавзолейге гүлчамбар койгон президент Татар, бир мүнөттүк таазим кылуудан кийин Мисак-ы Милли мунарасына барып, атайын Аныткабир дептерине кол койду.

Татардын Түркиянын Президенттик комплексинде президент Эрдоган менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Экөөнүн жеке жолугушууларынан кийин маалымат жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар