Хатайда полициядан качкан террорист өзүн жардырып жиберди

Шаардын Искендерун районунда полициялык күзөт пунктундагы текшерүү  убагында шек саналган эки террорист байкоого алынды.

1516329
Хатайда полициядан качкан террорист өзүн жардырып жиберди

Хатайда полициядан качып бара жаткан жан кечти өзүн жардырып жиберди.

Шаардын Искендерун районунда полициялык күзөт пунктундагы текшерүү  убагында шек саналган эки террорист байкоого алынды.

Бул убакта унаа менен качууга аракет кылган бир террорист өзүн жардырып жиберди.

Берки террористтин кармалышы үчүн операция уланып жатат.

Бир полиция кызматкери жеңил жаракат алган окуяда жан жоготуу болгон жок, жарылуу болгон жерге кошумча коопсуздук күчтөрү жана бир канча тез жардам унаалары жөнөтүлдү.


Этикеткалар: #жан кечти , #Хатайда

Тектеш кабарлар