Эрдоган: «Франциянын товарларын эч качан сатып албаңыздар»

Эрдоган, Анкарадагы Бештепе Улуттук конгресс жана маданият борборунда Мевлид-и Неби жумалыгынын ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

1516202
Эрдоган: «Франциянын товарларын эч качан сатып албаңыздар»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Францияны бойкоттоого чакырды ...

Эрдоган, Анкарадагы Бештепе Улуттук конгресс жана маданият борборунда Мевлид-и Неби жумалыгынын ачылыш программасында сөз сүйлөдү.

Президент Эрдоган, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Исламга каршы билдирүүлөрүнөн кийинки исламофобиялык кол салууларга байланыштуу, «Францияда эгерде мусулмандарга куугунтуктоо болуп жатса, келгиле анда  муну чогуу чечүүнү талап кылышыбыз үчүн, мен ушул жерден дүйнө лидерлерин чакырып жатам»,-деп айтты.

Эрдоган мындай деп улантты: «Учурда мээси текшерилүүгө муктаж болгон Франция лидеринин үндөөсү менен бул чабуулдар башталды. Мен өз элимди ушул жерден чакырам, эч качан француз товарларын сатып албагыла».

Германия Федеративдик Республикасынын  борбору Берлин шаарындагы «Мевлана» мечитине полициянын ыпылас иштери жөнүндө канцлер Ангела Меркелге кайрылып, «Кана сизде дин тутуу эркиндиги бар эле, кана сизде динде же диний негизде жашашына карата мамлекеттик кепилдик бар эмес беле? Ошентип, кантип бир күнү эртең менен 100дөн ашуун полиция кызматкерлерин мечитке алып барышкан? Булардын таптакыр карама-каршысын ушул  Түркиядан ушул күнгө чейин уктуңар беле? Жок. Эмне үчүн? Анткени "Бизде чыныгы дин тутуу эркиндиги бар»,-деди.

Өз сөзүндө Ислам жана Исламофобия Европа өлкөлөрүнүн айрымдарында мамлекет башчы тарабынан колдоого алынган саясатка айланганын билдирген президент Эрдоган: «Сиз чыныгы фашистсиңиз, сиз түзмө-түз нацисттердин чынжырчасы болосуз. Биз акыркы окуяларды, өлкө башчысынын деңгээлиндеги белгисиздикти, таңкы намаз учурунда полициянын мечиттерибизди рейддерин катардагы учурлар катары көрө албайбыз. 6 миллион адамы Европада жашаган бир өлкөнүн президенти катары, "Маектештерибизге мусулмандарды душманга айлантуу менен жетише турган эч кандай жетишкендик жок деп эскертүү пайдалуу деп эсептейм. Жөндөмсүздүгүңүздү жашыруу үчүн кирген бул жолдун аягы - чоң кырсык болот»,-деп айтты.

Эрдоган: «Расизм жана исламофобия - бул адамдардын милдетине, ээлеген кызматына жана ээлеген кызмат ордуна карабастан, акыл-эс жана абийир жөндөмдүүлүктөрүн жок кылган психоз. Өлкөбүзгө туура келери менен ар бир тема боюнча өз оюн билдирген Европа Парламенти үч маймылды ойноп, бул маселеден качып кутула албайт»,-деди.



Тектеш кабарлар