Эрдоган АКШга каршылык көрсөттү...«Биз уруу мамлекети эмеспиз, биз Түркиябыз»

Президент Эрдоган өзү төрагасы болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) Малатьядагы  7-кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

1515577
Эрдоган АКШга каршылык көрсөттү...«Биз уруу мамлекети эмеспиз, биз Түркиябыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) С-400 билдирүүлөрүнө каршылык көрсөтүп, «Биз уруу мамлекети эмеспиз, биз Түркиябыз»,- деди.

Президент Эрдоган өзү төрагасы болгон Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын (АК Партия) Малатьядагы  7-кезектеги облустук конгрессинде сөз сүйлөдү.

Эрдоган өз сөзүндө Жер Ортолук деңизинде ачыктан-ачык адилетсиз жана мыйзамсыз аракеттерге каршы аракеттерди иштеп чыгып жатканда, алардын коркутуп-үркүтүүгө чейин барган аракеттерине дуушар болгондорун айтты.

Кавказдагы жерлерин коргогон азербайжандык боордошторунун тарабында болгондугу үчүн (Армян оккупациясына каршы) күнөөлөнгөндүгүн баса белгилеген Эрдоган: «Азыр угуп жатам кээ бир америкалыктар чыгып алып (Азербайжандын президенти) Ильхам Алиев тууганыма телефон чалып айтышат экен, биз сиз менен кимдин бар экендигин билебиз. Эрдоган, Түркия бар. Биз убагы келгенде Түркияга санкция киргизебиз дешип.

Же ким менен бийлеп жатканыңды билбейсиң. Кандай гана санкциялар болбосун, кечикпеңиз. Сизден F-35 (согуштук учактар) сатып алуу боюнча чараларды көрдүк, акчабызды төлөдүк, сиз биздин F-35терибизди берген жоксуз, бербейсиз. Сиз бизди коркуттуңуз, «С-400дөрдү (абадан корогонуу системалары)  Россияга кайтарып бериңиз» дедиңиз. Биз уруу мамлекети эмеспиз, биз Түркиябыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар