Алтун:«Европанын мусулмандарга карай душмандыгы Ислам, Түркия жана Эрдогандан ажырагыс»

Алтун Твиттердеги постунда агрессивдүү мультфильмдер менен басмырлоо, жикчилдик жана мечиттерге жасалган рейддер менен токулган системдик зомбулук эч качан сөз эркиндигине жатпайт деп баса белгиледи.

1515542
Алтун:«Европанын мусулмандарга карай душмандыгы Ислам, Түркия жана Эрдогандан ажырагыс»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун Европанын мусулмандар үчүн барган сайын кооптуу жайга айланып баратканын айтты.

Твиттердеги постунда агрессивдүү мультфильмдер менен басмырлоо, жикчилдик жана мечиттерге жасалган рейддер менен токулган системдик зомбулук эч качан сөз эркиндигине жатпайт деп баса белгиледи.

«Алар «мусулмандарга интеграция сабагы деп аталган» шылтоо менен мусулмандарды коркутканда, « Европа экономикасынын дөңгөлөктөрүн айланта аласың, бирок сен бул жакка эч качан таандык болбойсуң»,-деп жатышат. Бүгүнкү күндө Европанын популярдуу маданиятындагы мусулмандар жөнүндө көргөн нерселерибиздин бардыгы 1920-жылдардагы европалык еврейлердин шайтандаштырылышына окшош»,деген серебин салды.

Айрым европалык лидерлер өзүлөрүнүн арасында жашаган мусулмандарды гана бутага алышпагандыгын белгилеген Алтун: «Ошол эле учурда биздин ыйык баалулуктарыбызга, китебибизге, Пайгамбарыбызга жана бүтүндөй жашоо ыкмабызга кол салып жатышат. Европанын мусулмандарга карай душмандыгы жана аракет жасоолору, барган сайын жайылган Ислам, Түркия жана Режеп Таййип Эрдоган душмандыгынан ажырагыс болду. Европалыктардын түшүнүшү керек болгон жагдай, биз мусулмандар, сиздер бизди каалабайсыздар деп  эч жакка кетпейбиз.  Бизди шылдыңдаганда башка жаагыбызды айландырып бербейбиз. Өзүбүзгө жана бизге тиешелүү нерселердин бардыгын акырына чейин, кандай гана болбосун коргойбуз»,-деди.



Тектеш кабарлар