Жераблуска баллистикалык ракета атылды

Газиантептин Каркамыш районунун маңдайындагы аймакка жасалган кол салууда беш киши каза болду. 15 адам да жаракат алган.

1514979
Жераблуска баллистикалык ракета атылды

Сириянын түндүгүндө «Евфрат калканы» операциясынын негизинде террористтерден тазаланган Жераблуска 2 баллистикалык ракета менен кол салынып 5 адам каза болду.

Газиантептин Каркамыш районунун маңдайындагы аймакка жасалган кол салууда беш киши каза болду. 15 адам да жаракат алган.

Ракеталык чабуулдан кийин дизель иштетүүчү завод өрттөнүп кетти. Өрттү өчүрүүгө «Ак каскачандар» деп аталган Жарандык коргонуу топтору катышууда.

Баллистикалык ракеталардын Латакиядагы Хамим аэропортунан атылгандыгы айтылууда.



Тектеш кабарлар