Акар: «NAVTEXти эки тараптуу түрдө жокко чыгардык»

НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин Акар билдирүү жасады.

1515088
Акар: «NAVTEXти эки тараптуу түрдө жокко чыгардык»

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар, НАТОнун коргоо министрлеринин жыйыны учурундагы сунуш боюнча Түркия менен Грециянын NavTex жарыяларын жокко чыгаруу чечимин кабыл алышканын билдирди.

Кораравирустук (Ковид-19) чаралардын алкагында видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн НАТОнун коргоо министрлеринин жыйынынан кийин Акар билдирүү жасады.

Акар НАТОго мүчө 30 өлкөнүн коргоо министрлеринин катышуусунда өткөн эки күндүк жыйында аймактык жана дүйнөлүк маселелер, ошондой эле коргонуу темаларынын талкууланганын билдирди.

Жыйында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы жаңжалдын да талкууланганын белгилеген Акар: «Тынчтык жана ырааттуулукту камсыз кылуу үчүн эмнелердин жасалышы керектигине баа берүү мүмкүнчүлүгүн таптык. Биз айтып жаткан негизги тема, Түштүк Кавказда тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуунун негизги шарты - Армениянын басып алган Азербайжандын жерлеринен чыгып кетиши. Биз бул жагдайды да жыйын учурунда билдирдик»,-деди.

Түркиянын Азербайжанга болгон колдоосун дагы бир жолу кайталагандарын айткан Акар, жыйында талкууланган берки маанилүү маселелердин болсо Эгей жана Жер Ортолук деңиздеги кырдаал болгонун билдирди.

Түркиянын көйгөйлөрдү чечүүдө эл аралык мыйзамды, жакшы коңшулук мамилелерди, диалог жана саясий чечимди жактаганын  баса белгилеген Акар: «Ушул убакка чейин жасаган иштерибизди жана күткөн нерселерибизди ачык-айкын көрсөттүк», деп айтты.

Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги көйгөйлөрдү чечүүдө ар дайым мыйзамды, диалогду жана саясий чечимди жактай тургандыктарын айткан Акар: «НАТОнун баш катчысы дагы өз сөзүндө диалог темасын колдогон билдирүүлөрдү жасады. Кошунабыз (Греция) 29-октябрды камтыган NAVTEX жарыяланган, биз да буга жооп иретинде 28-октябрга NAVTEX жарыялаганбыз. Бүгүнкү (кечээки) окуяларга баа бердик. Биз жыйындын жалпы агымына жана принциптерине ылайык сунуш киргиздик. Жакшы тиеттин көрсөткүчү катары, биз диалогду жогорулатууга салым кошуу үчүн ушул NAVTEXти жокко чыгара алабыз, силер дагы (Греция) кыласыңар дедик. Муну абдан оң деп тапкан башкы катчы биздин сунушту колдоду. Грек кесиптешибиз да муну колдой тургандыгын жана позитивдүү мамилесин билдирди»,-деди.



Тектеш кабарлар