Президент Эрдоган Берлиндеги мечитке полициянын операция жүргүзүүсүн айыптады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, каршы чыгуусун социалдык медиа каражаты Твиттер аркылуу билдирди.

1514953
Президент Эрдоган Берлиндеги мечитке полициянын операция жүргүзүүсүн айыптады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Германиянын борбор шаары Берлиндеги «Мевлана» мечитине полиция тарабынан операция жүргүзүлүшүн айыптады.

Социалдык медиа каражаты Твиттер аркылуу маалымат бөлүшкөн Эрдоган: «Берлинде жикчилдик жана ислам душмандыгынан суу ичкени белгилүү болгон, ишенич эркиндигин толугу менен тебелеген полициялык операцияны катуу айыптаймын»,-деп айтып, «Мевлана» мечитинин жамаатынын экинчи ушундай окуяга кабылбашын тиледи.

«Түркия катары эч бир себептин ыйык ибадаткананын опузалоо менен тебеленишине пайдубал түзбөй турганына ишенебиз»,-деп айткан президент Эрдоган, кайда жана кандай түрдө болсо дагы жикчилдик, чет элдик душмандыгы жана ислам душмандыгы менен күрөшүүнү уланта тургандарын айтты.

Президент: «Көп жылдар бою демократиянын, адам укуктарынын жана эркиндиктердин бешиги катары эскерилген Европа, бүгүнкү күндө тилекке каршы айырмачылыктар менен күрөшкөн түзүлүшкө бөлөндү»,-деп сынга алды.

Берлинде коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) жабыр тарткан майда фирмаларга карай берилген материалдык жардамдын кымырылып алынганы айтымы менен 4 фирма менен катар сөз болгон мечитке дагы тинтүү жүргүзүлдү.

Шаршемби күнү болгон жана 150 полиция катышкан тинтүүлөр убагында полициялардын «Мевлана» мечитинин килемдерин өтүктөрү менен басуулары жана намаз убагы болушу, каршы чыгууларды тартты.



Тектеш кабарлар