Акар индонезиялык кесиптеши менен жолукту

Акар расмий сапар менен Түркияга келген Субиантону аскердик азем менен тосуп алды.

1514807
Акар индонезиялык кесиптеши менен жолукту

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Индонезиянын Коргоо министри Прабово Субианто менен жолугушту.

Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Акар расмий сапар менен Түркияга келген Субиантону министрликте аскердик азем менен тосуп алды.

Бетме-бет жолугушуудан кийин Акар менен Субианто делегациялар аралык сүйлөшүүлөргө төрагалык кылышты.

Жолугушууларда эки тараптуу аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери менен коргонуу өнөр жайындагы кызматташтык боюнча пикир алмашылды.



Тектеш кабарлар