Түркияда Ковид-19 боюнча бир сутканын ичинде 117 миң 943 тест жасалды
2 миң 13 кишиде вирус аныкталды.
1513557
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 68 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 9 миң 513 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 117 миң 943 тест жасалып, 2 миң 13 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1 миң 507 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 308 миң 446га жогорулады.